Мектептеги ысык тамак балдар үчүн канчалык маанилүү?
Бала — Адамзаттын тукумун улоо үчүн Улуу жаратуучу тарабынан жөнөтүлгөн периште. Бала бактылуу балалыктын коюнунда ата эненин, коомчулуктун жана мамлекеттин камкордугунда мыкты ден соолук менен бирге акыл эстүү, гумандуу, нравасы жеткилең болуп эр жетиши кажет. Мына ушундай сапаттарга ээ болгон муун гана өлкөнү алдыга сүйрөп өнүккөн коомду кура алат. Өлкөнүн пайдубалын, негизин үй-бүлө түзгөндүктөн бала толук жана бакубат үй-бүлөдө карыны ток, кийими бүтүн чоңоюшу керек деп ойлоймун.
Баланын ден соолугуна таасир берүүчү ушундай факторлордун бири мектептеги ысык тамак берүү болуп эсептелет жана мен муну колдойт элем. Көпчүлүк балдар эртең мененки табитинин жоктугунан жана оюнкараактыгынан үйүнөн мектепке тамак ичпей келишет. Сабакта олтурганда ою тамакта болуп сабакка көңүл бурбайт. Өкмөт окуучулар үчүн ысык тамакка көңүл кош карабай көбүрөөк көңүл бурса жакшы болмок. Ач бала менен ток бала ойнобойт демекчи курсагы ачка олтурган балага канча билим берсең да көңүл бурбайт. Ачка келген баланын маанайы суз, кабыл алуусу начар болот. Мектепте берилген ысык тамак балдардын ачка жүрүүсүнө, алардын организминдеги микроэлементтердин жетишсиздигине жана аз кандуулугуна каршы көрүлгөн камылга деп билемин. Алардын окуудагы жетишүүсүн жандантып физикалык, физиологиялык, психологиялык өнүгүүсүн өрчүтөт. Ошондуктан мектептеги ысык тамак-аштын болуусу окуучулар үчүн абдан маанилүү.
Андыктан мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай ата- энелер да өз балдары үчүн ысык тамакка колдоо көрсөтүшү керек. Тамак аш менюсуна балдардын табитине жараша, организимине пайдалуу азык заттардан даярдалуучу тамак аштарды кошуу заман талабы.
Исабекова Айгул Бектеналиевна
Комментарии