Биз жөнүндө

№4 Токтогул атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин тарыхы

Таш-Көмүр шаарында бул мектеп 1930–жылы алгачкылардан болуп,     кыргыз-орус мектеби катары уюштурулуп, окуу-тарбия иштери башталган. Кыргыз класстары 1-3-класс,  ар биринде 13-15 окуучу окуган . Мектеп 7 жылдык болуп, директору Тургенов иштеген.

1938-жылы 7 жылдык кыргыз класстар ачылып, директору Калимулин болгон. Мугалимдерден К.Я. Валиев, Ф.М.Валиева, Умарбековдор иштешкен. Биринчи бүтүрүүчүлөрү А.Ускөнбаева,Б.Ахматова, Абдрахмановдор болгон.

Сол жактагы мугалим Валиева Ф.M.  

Оң жактагы мугалим Валиев К.Я.                                                             1938-1939-окуу жылы      

 

 

Биз жөнүндөБиз жөнүндө

     

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1941-жылы Калимулин, К.Валиев фронтко кетип, директору Ф.М. Валиева жетекчиликти колго алат. Эмгектенген мугалимдери Б.Кадырова, Умарбеков, К.М.Старыгина, Рулькова, С.Хаярова, Р.Л.Билич,

С Гареева, А.Ускөнбаева, Б.Ахматова.

Биз жөнүндөБиз жөнүндө

 

 

1943-жылы Таш-Көмүр шаар статусун алганда, толук эмес орто мектеп, ал эми 1952-жылы орто мектеп болуп уюштурулган.

       Биз жөнүндө

 

 

1971-жылы жаңы 964 орундуу,32 каанасы,спорт жана азем залы,ашканасы бар имарат курулуп ишке кирген.

Биз жөнүндөБиз жөнүндөБиз жөнүндөБиз жөнүндө

 

 

 

 

 

 

 

1994-жылы мектеп гимназия мектебинин статусуна ээ болгон.Гимназия мектеби “Сорос-Кыргызстан” фондусуна мүчө, СКФ мектептин таянычы болуу менен бирге окуучулардын чыгармачылыгын өстүрүүдө, жаш таланттарды тарбиялоодо,чоң көмөк көрсөткөн.Мектептин америкалык “Тынчтык” корпусу менен тыгыз байланышы келечек муундарын англис тилин үйрөнүүсүнө шарт түздү. “Сорос Кыргызстан” фондусу тарабынан уюштурулган “Мөлтүр булак” конкурсуна, олимпиадаларга жана “Дебат” клубдарынын турнирлерине окуучулар активдүү катышып, байгелүү орундарды алып, шаарыбыздын сыймыгы болушкан.Келечектин мыкты кадрларын даярдоодо №4 Токтогул атындагы гимназия мектеби шаарыбыздын,республикалык маданий, экономикалык жактан өсүп өнүгүүсүнө салым кошкон билим базасы болгон.

Мектеп жетекчилери болуп эмгектенгендер:

1.    1930-жылдарда  Тургенов;

2.    1938-1941-жылдан Калимулин;

3.    1941-1963-жылдары Валиева Ф.М.;

4.    1963-1991-жылдары Токтомамбетова С.Ш.;

5.    1991-1996-жылдары Жолдошбаев А.А.;

6.    1996-2002-жылдары Арстанкулов Б.К.;

7.    2002-2003-жылдары Умарбеков К.М.;

8.    2003-2005-жылдары  Мулкубатова М.М.;

9.    2005-2007-жылдары Абдылдаев А.А.;

10.      2007-2008-жылдары Токтогулов М.Т.;

11.      2008-2018-жылдары Бөкова С.Т.;

12.      2018-жылдан Султанова З.А.

 

2005-жылдан баштап №4 Токтогул атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби болуп уюштурулду.

2021-2022-окуу жылында 34 мугалим жаш муундарга билим берип келе жатат. Анын ичинен: жогорку билимдүүлөр-31, атайын орто билимдүүлөр-1, сырттан окугандар-2.

Билим берүүнүн отличниктери- 12, жаш мугалимдер-4.

Мектеп директору Султанова Замира Анарбековна.

Окуу бөлүм башчысы Шабданова Алимбү Аскарбековна.

Тарбия иштери боюнча директордун орун басары Калмурзаева Замира Турсунбековна.

Социалдык педагог Арстанбекова Замира Таабековна.

Кесиптик кошундун төрайымы Сопиева Айнагүл Орозбековна.

2021-2022-окуу жылында мектепте 25 класс комплект ачылып,682 окуучу билим алышат. Беш усулдук бирикме, мектептин өзүн-өзү башкаруу парламенти,өз кызыкчылыгы боюнча 3 ийрим иштейт.

“Жыл мугалими” шаардык кароо сынагынын жеңүүчүлөрү 1-орун Султанмуратова Н.А. 2013-жыл , 1-орун Турсунова Н.А. 2017-жыл, 1-орун Анакеева Ж.С. 2018-жыл, 1-орун Арстанбекова З.Т.  2019-жыл.

“Жылдын мыкты мектеби-2012” шаардык сынакта 3-орунга , “Жылдын мыкты мектеби-2013” областтык сынакта 3-орунга , “Жылдын мыкты мектеби -2020” шаардык сынакта 2-орун, “Жылдын мыкты мектеби-2021” шаардык сынакта 2-орунга ээ болгон.

Кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Б.Ж Токтосунова, А.К.Качыбекова, Н.А.Султанмуратова, Г.К.Жумабаева, Д.Д.Джайлообаева, Т.А.Абышевалар  Манас, Ч.Айтматов, Токтогул залдарын уюштургандыгы үчүн Таш-Көмүр шаардык мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланышкан.

2020-2021-окуу жылында “Алтын тамга” тестирлөөсүнө 11-классынын бүтүрүүчүсү Нурланбек кызы Жумагүл катышып,артыкчылык аттестаты менен аяктады.

Мектептин фонддор менен иштөөсү: 2011-жылы ЮНИСЕФ 10000 сом,2011-жылы Стим.гранттан 3250591 сом жумшалып, мектептин чатырчасы жабылып, заманбап эшиктер коюлду.2013-жылы Мерсикодон 91775 сомго 4 класс комплект 120 стул, 60 парта менен камсыз болду.2017-жылы Мерсико уюму мектеп ашканасынын техникалык жабдуулар менен камсыздады.2020-жылы Стим.гранттан 3700000 сом жумшалып, терезелер пластикке алмашылды.

Мектептин бүтүрүүчү демөөрчүлөрү тарабынан физика,биология кабинеттерине    проектору менен интерактивдүү доска , телевизор, усулканага эмеректер, азем залга блоктор, ашканага 10 стол,70отургучу  менен, холодильник, башталгыч класстар үчун окуу залына эмеректер берилген. Мектептин аянтчасына отургуч жасатып беришти, кире беришинин чатырчасын оңдоп,жаап, короологонго да салым кошушту. Ашкананын кире беришине раковина,аристон коюп беришти.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2018-2019-окуу жылында Кыргыз Республикасынын “Билим берүү тармагындагы реформаларды колдоо” долбоорунун алкагында 20 компьютердик техника жана электрондук китепкана менен камсыз болду. Интернет булагы туташтырылып, окутуунун жаңыча маалымат технологияларын колдонуу менен сабактар өтүлүүдө.

Мектепте 16415 китеп фондусу менен мектеп китепканасы иш алып барат. Алардын ичинен 7381 даанасы окуу китеби, ал эми 6666 даанасы көркөм адабияттар, 2333 даанасы усулдук китептер болуп саналат. Аталган мектепте окуучулардын  билим сапаты-50% .

 

№4 Токтогул атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин эмгек жамааты

Биз жөнүндө

 

Математика, Физика жана информатика усулдук бирикмеси

Биз жөнүндө

 

Кыргыз тили жана кыргыз адабият усулдук бирикмеси

Биз жөнүндө

 

Химия,биялогия,тарых жана география усулдук бирикмеси

Биз жөнүндө

 

Орус тили жана чет тил усулдук бирикмеси

Биз жөнүндө

 

Башталгыч класстар усулдук бирикмеси

Биз жөнүндө