Менин ой толгоом
Турмуш сабагы — баркталбаган өмүр
Турмуш сааты улам алдыны көздөй жылат. Минут-саатка, саат-күнгө, күнгө-жылга уланып өмүр өтүп жатат билинбей.Адам баласы болсо күнүмдүк жашоо менен алек. Байлык бул колдун кири, ал эми жашоо бир келген бакыт, “бул дүйнө жашоонун ырахатында, азабында экөөн тен берген дүнүйө” экенин эч бир жан сезбегендей… Шүдүрүмдүн тамчысындай болгон туптунук,тап таза ,жүрөгүндө энесинин сүйүүсүнөн, мээриминен башка нерсени билбеген жаш наристенин энеси жашоонун кыйынчылыгына чыдабай колундагы наристесин апасына таштап аргасыз Россияга барып иштеп келүүнү ойлонду . Момун Россияга барып иштеп келем деп мындан үч жыл мурун барып, куруучу болуп иштеп журуп, жумушта кокустук болуп майып болуп калган, ошондон бери Кыргызстанда эле жеңил жумуштарды жасап, үй бүлөсүн араң багып жүрөт. Тартыштыктын айынан аялы Айжан менен урушуп бир канча күн мурун маанайы жок өзүнө, тагдырына нааразы болуп таарынып жүргөн. Мына эми Айжан талаалап иштейм десе, макулдашып апасына айтышты эле, апасы аны -муну ойлонуп, Момундун көңүлү ооруп турса да акыры макул болушту. Айжан Россиянын Москва шаарына тааныштарына барды, иши оңунан чыгып барары менен жумуш болуп калып, арыдан бери ишке чыгып иштеп калды.Бирок кызын ойлонгондо санаасы санга бөлүнүп, өзүн коерго жер таппай, апасына ишенип -апам баланы жакшы карайт, Момун да тез тез кабар алып турса Аруум кыйналбайт -деп өзүн сооротуп коюп жүрдү.Убакыт өтүп Айжандын барганына да эки ай болду. Айжан жумуштан келип жуунуп тамактанган соң чарчанганынан төшөгүнө уктайын деп жатып оюна ар нерсе келип, уктай албай көпкө жатты.Иштеген жумушу жеңил болсо да бул эки ай Айжан үчүн кылымга тете болуп, Москванын климаты жакпай ооруп, айлана-чөйрөсүнө көнүшө албай аябай кыйналды. “Бул дүйнө жашоонун ырахатында, азабында экөөн тен берген дүнүйө” деген сөз туура окшойт. Өзүнө окшогон бир топ кыргыз мигранттарынын жашоосун көрүп өзүнө сабак алып, мотивация топтосо, кээлерин көрүп жийркенди. Ушул жашоо, ушул акча деп жүрүп адамдар эмне болуп баратабыз, жашоомду оңдойм деп келип жашоон турмак өзүн жоготуп, иштеген иши жок, ач жылаңач калып, ден-соолугунан ажырап Кыргызстанга кете албай, бомуж болуп көчөөдө калганын…тиги кыздарчы, алар эмне ойлонушпайбы эгер ойлонушса кандай ойлонушат, ата-эне.бир туугандары бар болду бекен…өң десе өңү, бой десе бою келишкен сулуу кыздар өз мээнети менен акча таап оокат кылбай, эмнеге башка улуттун жигиттери менен мамилелеш болуп жүрөт, эмне үчүн карангыда ар машинаны токтотуп соодалашып жатат деген башка дагы толгон ойлорду ойлоп жаттып уйкуга кетти. Момун болсо айылда жүрүп өз жумушу менен алек , тез-тез кайын энесиникине Арууну сагынып майда чүйдөсүн алып барып калат. Аруу болсо апасын сагынып араң эле жүрөт, апасы жаңы кеткенде ичигип, ооруп анан тайенесине тез эле көнүп кеткен. Атасы барганда кубанып чурулдап сөзү бүтпөйт, кыз да атасына жакын . Анан экөө көпкө эркелешип , аным-муну кобурашып көпкө суйлөшүп анан кайтат. Үйдө жалгыз. Олтурса турса оюу алыста жүргөн жубайы Айжанда. Ал Россиядагы кыргыздардын жашоосун жакшы билет. Ойлогондо эле аман-эсен болсо экен, оорубаса экен, оюу жамандардын торуна түшпөй, мени уят кылбай иштеп келсе , эч көңүлүн оорутпай жашайт элем деп өзүнчө күбүрөнүп да алат. Себеби Айжанды көп кыздардын ичинен тандап, ашык болуп сүйүп, көпкө сүйлөшүп жүрүп үйлөнүшкөн. Анан эле жашоодо кыйынчылык боло калганда, ал жок, бул жок , иштебейсин , акча таппайсың деген Айжандын сөзүнө намыстанып кетип каттуу сүйлөп алган күндөрүн эстеп өкүндү. Ошентип кундор айга, айлар жылга айланып күндөр өтө берди. Айжандын иши жакшы акчаны жакшы таап кызына, куйөөсүнө салып калганын топтоп акчанын аркасынан кууп иштеп такыр Кыргызстанга келер ою жок. Айжандын апасы айылда көп жылдан бери мугалим болуп иштеп, айылда кадыр барктуу аял, жашы алтымышка таяп калса да мектепте мугалим жетишпегендиктен дагы эле иштеп жүрөт , Арууну үйүнүн жанындагы эле балдар бакчага берип ,өзү кечке мектепте.-Ушу жаш мугалимдер келсе ордумду берет элем -деп жүрүп беш алты жыл өттү.Мугалим болуп иштеген түйшүктүү болгону менен өз кесибин сүйгөн мугалим үчун ,,балдардан ырахат алып жашоо,, дегендей эле.Балдарга билимин берип, балдардын ар бирине көңүл буруп ,ар биринин маанайы кандай экенин сезип туюп, ошого карап тапшырмасын берип , аларды шыктандырып , маанайын көтөрүп, замандын талабына ылайык материалдарды даярдап сабак өтөт.Учурда балдарга сабак өтүш, тарбиялаш өтө кыйын.Канча жыл мектепте иштеп, канча муунга тарбия берип талыкпай иштеп жүрүп ушундай сый-урматка ээ болгон. Ар күнү сабакка киргенде ар бир балага көңүл буруп сабагы менен кошо тарбиясын берип, көйгөйүнө чейин көңүл буруп, балдардын көңүлүн көтөрөт. Себеби класста көпчүлүк балдардын ата-энеси Россиялап иштеп үй бүлөсүн багам деп алыста жүрөт. Көпчүлүгү чоң ата чоң энесинин , тайене, таятасынын колунда эркелешип ата-энесинин салган акчасына каалаган нерсесин алып , бардык нерсени акча менен чечип койсо болот деп мугалимдерди деле тоготушпайт. Кийген кийими кымбат, көтөргөнү Айфон телефон . Ата-энелери эптеп биз иштеп баргыныбызча аман-эсен журушсо деп айткандарын кылышат. А кээ бирөөлөрү балдарын караганга тууган туушканы жок болгондуктан башка эле тааныштарына акчага каратышат. Мына ошол акчага караган адам ошол балага татыктуу тарбия, курсагы тоерлук тамак аш береби, таза кийим кечек кийгизеби….мындай балдар дайым стрессте жүрөт, ошол балдар көчөдөгү кылымыштарга аралашпайт деп ким кепилдик бере алат. Себеби бул балдардын көздөрү жайнабайт, дайым сагынуунун , кусанын кандайдыр бир жек көрүү ,мерездик ээлеп алгандай. Анан ошол эмоциясын тапшырма сураган мугалимден чыгарып , мугалим менен окуучунун ортосундагы конфликттерге алып келип жатпайбы. Демек балага ар дайым эненин жылуу мээрими ,камкордугу, боорукедиги, адамдык сапатынын калыптануусуна түзмө түз зарыл нерсе турбайбы.Таң атканда көзүн ача элек баланы эркелете сүйлөп , чайын берип мектепке узатып кайра келгенде кубанып тосуп алып , чай үстүндө кобурашып , баланын мектептеги жетишкендиктерин , кемчилдиктерин суйлошуп акыл насатын айткан энеси алыста жүрсө каяктагы билим , каяктагы тарбия -деп ойлоп жатып небересинин келечегин ойлоп санаасы санга бөлүндү. Ары-бери ойлонуп жатып алыста жүргөн кызына телефон чалып, келип Аруунун жанында болуп дайым өзүн тарбиялап жанында болуусун айтты. Айжан көнүп калган жагынан кеткиси келбей Аруунун келечегин ойлоп аргасыз Кыргызстанга келүүнү ойлонуп, бир аз топтогон акчасына чакан бизнес ачып үй бүлөсү менен чогу болууну ойлонуп калды.
Менин ой толгоом
Исабекова Айгул Бектеналиевна
Комментарии